«БИРИМДИК» № 1: Икрам Абдиев: Лейлектин эли «Биримдик» партиясын колдойт

18 Сентябрь, 18:55

«Биримдик» партиясынын талапкерлери бүгүн 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун шайлоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда райондун кадырлуу аксакалы Икрам Абдиев сөз сүйлөп, «Биримдикке» 4-октябрдагы шайлоодо ийгилик каалады.

«Бул партия жөнүндө эки айдан бери угуп, билип, алардын программасы менен таанышып жатабыз, программаңар так, жеткиликтүү тил менен жазылыптар. Андан тышкары талапкерлер менен тааныштык, алардын арасында чыгаан жаштар, турмуштук тажрыйбасы бар мыкты жигиттер, ар улуттун өкүлдөрү бар экен. Ошондуктан биз бул партияны колдойбуз», — деди аксакал.

Икрам аксакалдын айтымында, ушул жылы Баткендин чыгаан инсаны улуу Искак Раззаковдун 110 жылдыгы болгону турат. «Улуу жердешибиз Кыргызстандын тарыхында мамлекетке көп жакшылыктарды алып келгени маалым.

«Биримдиктин» талапкерлери дагы Раззаковдун жолун жолдоп, өлкөнүн өнүп-өсүүсүнө зор салымын кошот деп ишенем, анткени буларда жетишерлик деңгээлде билими, тажрыйбасы, буга чейин мамлекет үчүн жасаган иштери бар», — деди аксакал.

Сѳзүнүн аягында «Биримдикке» — татыктуу талапкерлерге добушубузбу беребиз», — деди И.Абдиев.