«Биримдик» № 1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт!

23 Сентябрь, 09:30 Видео

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Биримдик» демократиялык социализм — евразиялык тандоо» партиясы тил майрамын белгилешти. Анда, кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне-тилинин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.​

Ошондой эле, «Биримдик» партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз-тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Б.Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев — Т.Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова А. Исмаиловдун «Мен — кыргызмын!», ​ Нуржамал Казначиева жана Эмил Джусуповдор Ш. Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов — А.Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти.